Бүткүл дүйнөлүк студенттер оюндарына Кыргызстандын 16 спортчусу катышат

  • 1 год мурун

Бүткүл дүйнөлүк студенттер оюндарына Кыргызстандын 16 спортчусу катышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев XXXI Бүткүл дүйнөлүк студенттер оюндарына (универсиада) катыша турган Кыргызстандын курама командасы менен жолугушту. Кыргызстандын курама командасына ар кайсы университеттерден 16 спортчу жана 4 машыктыруучу бар. Министр Каныбек Иманалиев буга чейин тарыхта универсиадада ийгилик жараткан улан-кыздар бар экенин айтып, Бүткүл дүйнөлүк студенттер оюндарына катышуу бул бир жагынан чоң сыймык болсо, экинчи жагынан чоң жоопкерчилик экенин белгиледи.

“2013-жылы Казань шаарында бел боо күрѳшү боюнча Нурбек Аканов жана Нурбек Кожобеков 1-орунду алса, 2018-жылы Кытайда жеңил атлетика боюнча Дарья Маслова 1-орунду алган. Эл аралык спорттук аренадагы жеңиштер биздин өлкөгө болгон сыймыктанууну арттырып, жаштарды патриоттуулукка тарбиялоодо бекем пайдубал болуп берет. Ар бириңер күжүрмөн эмгек жана аракет менен бул оюндарга катышуу мүмкүнчүлүгүн алдыңар. “Чэндуда ар бир кыял орундалат” деп универсиаданын ураанында айтылгандай, силердин дагы кыялыңар орундалып, чемпион аталыңыздар”, — деди министр.

Кытай Эл Республикасынын Чэнду шаарында өтө турган Бүткүл дүйнөлүк студенттер оюндарына кыргызстандык спортчулар спорттун 5 түрү боюнча катышат:

— жеңил атлетика;

— дзюдо;

— стол тенниси;

— таэквондо;

— ок атуу.

Билим берүү жана илим министрлиги Универсиадага студенттердин катышуусу үчүн 1 миллион сом бөлүп берди. Бул каражаттар алардын тамак-аш, жатакана жана аккредитациясына жумшалат. Ошондой эле спортчуларды авиабилет жана атайын спорттук формалар менен камсыздоо үчүн Дене тарбия жана спорт департаменти тарабынан 2 миллион сом, республикалык студенттик федерациясы тарабынан 600 миң сом жумшалды.

Белгилей кетсек, жайкы Бүткүл дүйнөлүк студенттер оюндары 28-июлдан 8-августка чейин спорттун 18 түрү боюнча өтөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты