«Бүтүн Кыргызстан» фракциясы Баткен жана Ош облустарында көчмө жыйын өткөрөт

  • 2 года мурун

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясы Баткен жана Ош облустарында көчмө жыйын өткөрөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын мүчөлөрү Раззаков шаарына барып, 10-май күнү саат 16:00дө жергиликтүү эл менен жолугушат.

Ушундай эле жолугушуу 11-май күнү саат 14:00дө Лейлек районуна караштуу Кулунду айылындагы Маданият үйүндө уюштурулат.

Андан соң 12-май күнү саат 14:00дө Ош шаарында жайгашкан Р.Абдыкадыров атындагы филармонияда депутаттардын жана мугалимдердин катышуусунда «Билим берүүнүн көйгөйлөрү» аталышындагы талкуу өтөт. Ал эми саат 16:00дө  «Мезгил өтпөйт, биз өтөбүз» долбоорунун алкагында жаштар менен жолугушуу болот.

Белгилей кетсек, көчмө жыйынга депутат Адахан Мадумаров баштаган «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын мүчөлөрү Эмиль Токтошев, Алишер Эрбаев, Гуля Кожокулова жана Айгүл Айдарова катышат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты