Бөйрөк трансплантациясында иммунологиялык тестирлөө ишке кирди
- 8 месяцев мурун
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында биринчи жолу бөйрөк трансплантациясында иммунологиялык тестирлөө методикасы ишке киргизилүүдө.
Жаңы ыкма донор менен реципиенттин шайкештигин HLA системасы боюнча аныктоого, органды четке кагуу коркунучун баалоого жана дарылоону тууралоого мүмкүндүк берет. Бул трансплантациянын ийгилигин жогорулатат жана бөйрөктүн иштөө мөөнөтүн узартат.
Адистердин айтымында, бул кадам өлкөнүн саламаттык сактоо системасы үчүн стратегиялык мааниге ээ болуп, чет элдик лабораторияларга болгон көз карандылыкты азайтат жана улуттук медицинага ишенимди арттырат.
Мындан тышкары борбордо 36-бюджеттик бөйрөк трансплантациясы ийгиликтүү өттү: донор — эне, реципиент — 2009-жылы туулган уул. Операция ийгиликтүү аяктап, бейтаптардын абалы туруктуу деп бааланууда.




