Бүгүн Жогорку Кеңештин комитетинде башкы прокурор жылдык отчёт берет

  • 1 год мурун

Бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде башкы прокурор жылдык отчёт берет. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.

Бүгүн Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен жыйыны өтөт.

Анда башкы прокурор Курманкул Зулушев Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу отчёт берет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты