Бүгүн ЖЭБдеги өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга 608 адам тартылды

  • 6 месяцев мурун

Бүгүн, 6-февралда ЖЭБдеги өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга 608 адам тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 10:30гө карата Бишкек Жылуулук электр борборундагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга жалпы 608 адам, 31 техника тартылды.

Анын ичинде ӨКМден 50 куткаруучу 9 техника менен ЖЭБнин имаратынын аймагын тазалап, жылуулоо ишин улантууда.

Ошондой эле жалпы кызматкерлер үчүн жылууланган 4 чатыр тигилген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты