Бүгүн Садыр Жапаров ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышат

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жолугушуусуна катышуу үчүн Москвага келди. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчынын учагы «Внуково 2» эл аралык аэропортуна конду.

ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын юбилейлик жыйыны 16-майда өтөт. Иш-чара Жамааттык коопсуздук келишиминин 30 жылдыгына жана ЖККУнун 20 жылдыгына арналган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты