Бүгүн почта кызматкерлери кесиптик майрамын белгилөөдө. Өлкө башчынын куттуктоосу
- 2 года мурун
Бүгүн, 9-октябрь — Почта кызматкерлеринин күнү. Садыр Жапаров аталган кесип ээлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Садыр Жапаров куттуктоосунда Кыргызстандын почта кызматы кагазга кат жазып же телеграмма жиберген учурлардан тартып, бүгүнкү электрондук коммерцияга чейин бүтүндөй бир доорду камтыган 145 жылдык жолду басып өткөнүн айтып, өлкөнүн почта кызматынын өнүгүшүнө салым кошкон бардык кызматкерлерге жана кесиптин ардагерлерине ыраазычылык билдирген.
«Бүгүнкү күндө почта кызматы – бул кадимки почта бөлүмдөрү гана эмес, бул заманбап санариптик технологиялардын чакырыктарына ийгиликтүү ыңгайлашып, дүйнө жүзү боюнча маалымат алмашууну тездетүү менен өлкө экономикасын өнүктүрүүгө жардам берген бүтүндөй бир инфратүзүм экенин баса белгилөөгө болот»,-деген өлкө башчы өз куттуктоосунда.
Садыр Жапаров ошондой эле 2023-жылы «Кыргыз почтасы» ачык акционердик коому Бүткүл дүйнөлүк почта уюмуна мүчө өлкөлөрдүн арасында почтаны өнүктүрүү боюнча дүйнөлүк рейтингде 98-орундан 29-орунга көтөрүлгөнүн билдирген.
Кошумчалай кетсек, «Кыргыз почтасы» кыргыздар мурунку Россия империясынын, андан кийин Советтер Союзунун курамына кирген мезгилден бери иштеп келе жатат. Эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишкана болуп түзүлгөн. 1993-жылы «Кыргыз почтасы» Бүткүл дүйнөлүк почта союзуна мүчө болгон. 2003-жылдын май айында ишкана кайрадан каттоодон өтүп, Уставы кабыл алынган.
2022-жылдын июль айында Министрлер кабинетинин токтому менен «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы ишкана кылып кайра уюштуруу чечими кабыл алынган. Анткени 2021-жылга чейин ишкана Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карамагында болуп келген.
«Кыргыз почтасынын» өлкө боюнча 871 почта бөлүмү бар. Тоң районунун алыскы жана барууга кыйын болгон калктуу конуштарын тейлеген бир көчмө почта иштейт. Почта кызматы ошондой эле салыктар, турак жай-коммуналдык кызматтар, калкты тейлөө борборлору, УНАА жана Кадастрдын кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөө боюнча жана пенсияларды, жөлөк пулдарды алуу боюнча кызматтарды да көрсөтүп келет.
Сүрөт: интернет булактары




