Бүгүн Ош шаарынын айрым жерлерде убактылуу суу берүү токтотулат

  • 1 год мурун

Бүгүн, 2-майда Ош шаарынын айрым жерлерде убактылуу суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош шаарында таза суу менен камсыздоо долбоорунун биринчи этабынын алкагында бүткөрүлгөн суу түтүгүн борбордук суу берүүчү түтүкө туташтыруу жана оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу, 1-май күнү саат 24:00дөн 2-май күнү саат 24:00гө чейин таза суу берүү 1 күнгө убактылуу үзгүлтүккө учурайт.

Бул мезгил аралыгында төмөнкү аймактарда ичүүчү суу өчүрүлбөйт: Манас-Ата (ХБК), Туран, Достук кичи району, Калинин массивинде.

“Ош суу канал” муниципалдык ишканасы Ош шаарынын тургундарынан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, алдын ала ичүүчү таза суу камдап алууну өтүнөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты