Бүгүн Ленин шайлоо округу боюнча “жымжырттык күнү”

  • 11 месяцев мурун

Бүгүн, 9-сентябрда Ленин шайлоо округу боюнча “жымжырттык күнү”. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

«Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамына ылайык шайлоо алдында үгүт иштери добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда башкача айтканда 9-сентябрда саат 8:00дөн тартып токтотуларын эске салат.

БШК мурда шайлоо комиссияларынын имараттарынан жана жайларынан тышкары жайгаштырылган басылма үгүт материалдары (баракчалар, плакаттар, билборддор жана башка материалдар) добуш берүү күнү мурдагы орундарында сакталарын маалымдайт.

Шайлоо алдында үгүт жүргүзүүгө катышуу үчүн БШК тарабынан аккредитациядан өткөрүлгөн жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар “жымжырт күнү” үгүт жүргүзүүгө укуктары жок.

Талапкерлер, ошондой эле алардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалар, шайлоо процессинин ар кайсыл катышуучусу мыйзам талаптарын бузууга жол берген учурда бузуучуларга карата тиешелүү чаралар колдонулат.

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо эртең, 10-сентябрда өтөт. Шайлоого 24 талапкер катышууда, анын 19у эркек, 5и аял.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты