Бүгүн Кыргызстандын мектептеринде акыркы коңгуроо аземи өтүп жатат

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 25-майда Кыргызстандын мектептеринде акыркы коңгуроо салтанаты өтүп жатат. Буга байланыштуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева окуучуларды, бүтүрүүчүлөрдү жана ата-энелерди окуу жылынын аякташы менен куттуктады.

Ал окуучуларга билим берүүдөгү мугалимдердин эмгегин баса белгилеп, аларга ыраазчылык билдирди.

Министр өз сөзүндө өлкө жетекчилиги тарабынан балдардын жаркын келечегин түптөө үчүн аракет, колдоо болуп жатканын айтып, акыркы акыркы үч жылда 300дөн ашуун мектеп салынып, пайдаланууга берилгенин белгиледи.

«Алдыда мамлекет башчыбыздын чечкиндүү кадамдары менен билим берүү системасын чоң өзгөрүүлөр күтүп турат. Бардык аракеттер ар бир баланын татыктуу, заманбап билим алуусуна багытталууда«, — деди министр.

Быйыл өлкө боюнча 9-классты 128 миңден ашуун, 11-классты 73 миңден ашуун улан-кыз аяктап жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты