Бүгүн Кыргызстандын айрым аймактарында күчү 3,5-4,5 баллга жеткен жер титирөөлөр болду

  • 2 года мурун

Бүгүн, 22-ноябрда Кыргызстандын Өзбекстан менен чектешкен аймагында, Баткен облусунда жана Талас облусунда күчү 3,5-4,5 баллга жеткен жер титирөөлөр болуп өттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаал министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, бүгүн эртең менен саат 7:54тө Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагындагы күч 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Ал эми Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарында жана Пүлгөн айылында 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жапыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Ал эми түшкү саат 13:15те Кыргызстандын Талас облусунун аймагында күчү 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Учурда ал жерде Сейсмология институту тактоо иштерин жүргүзүп жаткандыгы айтылды.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты