Бүгүн эл аралык Демократия күнү белгиленип жатат

  • 11 месяцев мурун

Бүгүн, 15-сентябрда эл аралык Демократия күнү белгиленип жатат.

«Сорос-Кыргызстан» фонду Кыргызстандагы демократия абалы туурасында сөз кылды. Аталган күн БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2007-жылы негизделген.

«Бул күнү дүйнөдөгү, анын ичинде Кыргызстандагы демократия абалы туурасында сөз кылбай коё албайбыз. 1991-жылы Кыргызстан Борбордук Азия республикаларынын арасынан биринчилерден болуп эркин дүйнө мамлекеттери тарабынан Борбордук Азиядагы “демократия аралчасы” катары таанылган өлкө катары тарыхка кирген. Эгемендүүлүккө ээ болгондон тартып Кыргызстан дүйнө коомчулугу менен өз ара алакалашуусунда өзүн эркиндик жана демократия принциптерин туу туткан, көп улутуу, жаш жана прогрессивдүү мамлекет катары таанытты. Эгемен өлкө катары Кыргызстан акыркы 32 жыл аралыгында кыйла жетишкендиктерге жетти. Өлкөнүн эң эле баалуу байлыгы болуп анын эли саналат. Оор абалдарда өлкө тургундары бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарышып, чыныгы атуулдугун көрсөтө алышты. Бул Кыргызстанда активдүү жана туруктуу жарандык коомдун калыптанышынын далили. 1993-жылы түзүлгөн «Сорос-Кыргызстан» фонду өлкөдөгү жарандык коомдун калыптануусунда жана өз тагдырын чечүүсүндө башкы ролду ойноду. Ошол күндөн тартып Фонд мамлекеттик институттарды жана жарандык демилгелерди түрдүү тармактарда, анын ичинде укуктук, билим берүүчү жана экономикалык реформалар жаатында ырааты менен колдоп, ЖМКларга, БӨУларга жана академиялык чөйрөлөргө колдоо көрсөтүүдө жана ошондой эле ачык саясат, саламаттыкты сактоо, искусство жана маданият жаатында демилгелерди колдоп келет. Быйыл Фонд ошондой эле демократияны жана эркин коомду илгерилетүүгө багытталган ишинин 30 жылдыгын белгилеп жатат.

Бул күнү биз Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген тандоо эркиндиги жана сөз эркиндиги сыяктуу баалуулуктарыбызды бекемдөө канчалык маанилүү келе турганын баса белгилеп кеткибиз келет. Күчтүү жана ачык коомду гана ири жетишкендиктер колдоп, ал туруктуу өнүгүү жолуна түшмөкчү», — деп жазылат «Сорос-Кыргызстан» фондунун маалыматында.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты