Бүгүн дагы Аламүдүн капчыгайында жоголгон жаранды издөө иштери уланууда

  • 4 месяца мурун

Бүгүн дагы Аламүдүн капчыгайында жоголгон жаранды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон 28 жаштагы жаранды издөөгө 20-январь күнү улантылды. Бүгүн саат 09:00гө карата жалпы 195 адам издөө ишин баштады. Анын 145и Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары, курамында кинолог ити менен, 6 дрон, 50ү ИИМдин кызматкерлери. Жалпы 16 техника тартылды.

Эске салсак, 14- январь күнү 1996-жылы туулган Маматалы уулу Мухамедаалы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Ал акыркы жолу 14-январды караган түнү, саат 02:00дө байланышка чыккан. Ошондой эле Аламүдүн капчыгайында «Жаннат Резорт» мейманканасындагы камералардын бирине тоо жакты көздөй бара жатканы түшүп калганы аныкталган.
Аталган жаранды издөө иши Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө жүрүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты