Бүгүн Чолпон-Атада ТүркПАнын пленардык отуруму болот

  • 2 года мурун

Бүгүн, 24-июнда Чолпон-Ата шаарында ТүркПАнын пленардык отуруму болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага ТүркПАга мүчө Азербайжан, Түркия, Казакстан мамлекеттеринин, андан тышкары, Венгрия, Түркмөнстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн парламенттик делегациялары катышат.

Тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу маселелерин талкуулап, 2023-2028-жылдарга карата ТүркПАнын стратегиялык жол картасын бекитишет. Ошондой эле социалдык ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган бир катар моделдик мыйзамдардын долбоорлору каралат. Жыйынтыгында Чолпон-Ата декларациясы кабыл алынып, ТүркПАга төрагалык кылуу милдети Казакстандан Кыргызстанга өтөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты