Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт
- 3 месяца мурун
- Жаңылыктар
«Бишкек электр тармагы» ишканасы техникалык тейлөөгө байланыштуу 21-июлда Бишкек шаарында электр жарыгы өчүрүлө турган аймактардын тизмесин жарыялады.
Маалыматка ылайык, өчүрүүлөр пландуу техникалык тейлөө иштерине байланыштуу жүргүзүлөт. Ошондой эле абанын кескин ысып кетиши жана электр тармактарына түшкөн жүктүн көбөйүшүнө байланыштуу эки саатка чейин созулган убактылуу жөнгө салуу өчүрүүлөрү да болушу мүмкүн. Бул чаралар ири авариялардын алдын алуу үчүн көрүлүп жатканы белгиленди.
Жарык өчүрүлө турган аймактар:
09:30–17:00 — Байтик Баатыр көчөсү, №37.
09:30–17:30 — Үсөнбаев көчөсү, №37; Шопоков көчөсү, №34, 36; Бөкөнбаев көчөсү, №61.
09:00–17:00 — «Жал» кичи району (23), Москва, Чокморов, Калык Акиев, Жаш Гвардия көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрү, «Кыргызстан» конушундагы Жеңиш көчөсү, «Арча-Бешик» конушундагы Ак-Куу, Жылга-Сай жана Береке көчөлөрү.
13:00–17:00 — «Жал» кичи району (22).
09:00–17:00 — «110-квартал» конушундагы Талды-Суу жана Темиров көчөлөрүнүн туюктары.
09:00–18:00 — Ак-Чий айылы.
09:00–18:30 — «110-квартал» конушундагы Буурдин, Талды-Суу, Кайназаров, Темиров көчөлөрү жана «Маданият» конушу.
09:00–13:00 — Ленин айылындагы Коммунар жана Алма-Ата көчөлөрү.
09:00–17:00 — Садовое, Аламүдүн, Восток, Таш-Дөбө, Бир-Булак айылдарынын бир катар көчөлөрү жана турак жай конуштары.
13:00–17:00 — Ленин жана Кайырма айылдарынын айрым көчөлөрү.
Сүрөт: Интернет булактарынан




