Бүгүн Бишкекте «Жол» фотокөргөзмөсү ачылат

  • 2 года мурун

Бүгүн, 17-январда Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде «Жол» фотокөргөзмөсү башталат.

Көргөзмө 17-январдан 27-январга чейин уланат.

 “Жол” фотодолбоорунда Кыргызстандын беш облусунда тартылган сүрөттөр камтылып, адам төрөлгөндөн каза болгонго чейинки жолу кыргыздын каада-салттары менен баяндалган. Сүрөттөрдө баланы бешикке бөлөө, үйлөнүү үлпөт жана жаназа сыяктуу кыргыздын салттары көрсөтүлүп, өлүм менен өмүрдүн айкалышы эмоциялар менен берилген.

Долбоордун авторлору — жаш фотожурналисттер Гулиза Урустамбек кызы жана Найзабек Мукамбетов.

Долбоор “Сорос-Кыргызстан” жана “IDEA CA” фонддорунун жардамы менен ишке ашырылган “MediaJasa” долбоорунун алкагында жасалууда.

Белгилей кетсек, фотожурналист Гулиза Урустамбек кызы 2021-жылы “MediaJasa” долбоорунун алкагында “Кыргызстандын элинин үмүтү жана тынчсыздануусу” аттуу көргөзмө уюштурган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты