Бүгүн Бишкекте троллейбустар саат 22:00гө чейин каттайт
- 1 год мурун
Бүгүн, 21-мартта Бишкекте троллейбустар саат 22:00гө чейин каттайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинир маалыматы боюнча, майрам күндөрү борбордун муниципалдык коомдук транспорту шаардыктарды штаттык режимде саат 5:50дөн 22:00гө чейин тейлейт.
Бардык автотранспорт ишканаларына контролдук ишмердүүлүктү күчөтүү тапшырылды жана кыймылдуу курамды пландуу чыгаруу боюнча тиешелүү милдеттер коюлду.
Муну бөлүшүү