Бүгүн Бишкекте троллейбус каттамдары убактылуу токтотулат

  • 8 месяцев мурун

17-ноябрда Бишкек шаарында саат 16:00дө жолдор жабылып, бардык троллейбус каттамдары убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, мындай чаралар КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясын өткөрүүгө байланыштуу.

«Жолдордун ачылышы жана жабылышы тууралуу алдын ала маалымат беребиз. Бишкек шаардык мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты