Бүгүн Бишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты башталат
- 5 месяцев мурун
Бүгүн, 11-апрель күнү Бишкектеги “Бишкек-Арена” шаардык муз аянтчасында чоңдор арасында күрөш боюнча (эркин, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү) Азия чемпионаты старт алат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Мелдештин биринчи күнүндө эркин күрөш боюнча эркектер арасында 5 комлект медаль ойнотулат. Кыргызстандын атынан 5 балбан беттеш өткөрөт. Алар:
— Улукбек Жолдошбеков (65 кг);
— Алибек Осмонов (70 кг)
— Адилет Маратбаев (79 кг);
— Андрей Аронов (97 кг).
Муну бөлүшүү