Бүгүн Бишкекте сөз эркиндиги боюнча жөө жүрүш өтөт

  • 2 года мурун

Бүгүн, 14-октябрда Бишкекте сөз эркиндиги боюнча жөө жүрүш өтөт. Бул тууралуу «Кактус» медиасы жазып чыкты.

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын Кыргызстандын көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарын жабуу идеясына байланыштуу сөз эркиндиги боюнча жөө жүрүш өткөрүү пландалууда. Жөө жүрүштү саат 13:00дө темир жол вокзалынын жанынан башталат. Марштын маршруту Эркиндик бульвары менен Ак үйдүн имаратына чейин созулат.

Кечээ, 13-октябрда “Азаттык” редакциясынын имаратынын жанында үч көз карандысыз маалымат каражатын жабуу боюнча митинг өткөн. Бир күн мурун депутат Надира Нарматова кесиптештеринен кол топтогон. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты