Бүгүн Асанкул Осмоновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт

  • 1 год мурун

Бүгүн, 28-марииа Кыргыз Республикасынын эл артисти Асанкул Осмоновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында саат 10:00дө өтөт.

Эске салсак, 26-мартта Кыргыз Республикасынын эл артисти, көрүнүктүү театр жана кино актеру Асанкул Осмонов 88 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Асанкул Осмонов 1935-жылы 1-мартта Нарын районунун Миң-Булак айылында туулган. 1954-жылы Каракол айыл чарба техникумун бүтүргөн. 1958-жылы Москвада өткөн Кыргыз Республикасынын жалпы маданият күнүнүн декадасына катышкан. 1958-жылдан тартып Кыргыз академиялык драма театрынын актёру болуп иштей баштаган.

1990-жылы Асанкул Осмоновго Кыргыз Республикасынын эл артисти наамы ыйгарылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты