Бүгүн Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон жаранды издөө иштери уланат

  • 6 месяцев мурун

Бүгүн, 19-январда Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон жаранды издөө иштери уланат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
18-январь күнү Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон Маматалы уулу Мухамбетаалыны  издөө иши кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулду. Тилекке каршы натыйжа болгон жок. Куткаруучулар жеринде түнөккө  калышып,  19-январь күнү издөөнү улантышат.

Маалым болгондой бүгүн аталган жаранды издөөгө жалпы 358 адам чыккан. Анын 187си ӨКМдин куткаруучулары.  Курамында 5 кинолог бар. Ошондой эле куткаруучулар жетүүгө кыйын болгон жерлерди бийиктиктен көрүү үчүн 18 дрон менен  штаб түзүлүп, иш алып барылды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты