Азия оюндары: Нурзат Нуртаева күмүш медалга ээ болду

  • 10 месяцев мурун
Азия оюндары: Нурзат Нуртаева күмүш медалга ээ болду

Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Нурзат Нуртаева Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында 2-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Спортчу 68 кг салмак даражасында күч сынашып, ¼ финалдан баштаган. Алгач Казакстандык Елена Шалыгинаны 7:8 эсебинде жеңсе, жарым финалда Монголиялык атаандашын утуп финалга чыккан. Ал эми чечүүчү беттеште Кытай балбанынан жеңилип, күмүш медалдын ээси болду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты