Азия оюндары: Айсулуу Тыныбекова коло байгеге ээ болду

  • 10 месяцев мурун

Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында коло байгеге ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмакта күрөшүп, 1/8 финалдан баштаган. Алгач Таиланддык спортчу менен беттешип 14 секунд ичинде атаандашын жеңген. Ал эми чейрек финалда Япониялык Нонока Озаки менен күч сынашып, 3:1 эсебинде жеңилди. Кийин Озаки финалга өткөндүгүнө байланыштуу спортчу жубатуучу беттеште Вьетнамдык атаандашын 10:0 эсебинде утту. Ал эми чечүүчү беттеште казак балбаны Ирина Кузнецованы 2:1 эсебинде утуп коло байгеге ээ болду.Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова 2018-жылы Индонезияда өткөн Азия оюндарында 1-орунду ээлеген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты