Азия оюндары: Айпери Медет кызы алтын медаль утту

  • 10 месяцев мурун

Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Айпери Медет кызы Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында алтын медаль тагынды.

Спортчу 76 кг салмак даражасында беттешип, жалпы 4 беттеш өткөрдү.1/8 финалда спортчу Кытайлык балбан кызды 2:1 эсебинде жеңсе, чейрек финалда вьетнамдык атаандашын утуп, жарым финалга чыккан. Ал эми жарым финалда Тайбейлик атаандашын 8:0 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды. Чечуүчү финалдык беттеште казак балбаны Жамиля Бакбергенованы 7:4 эсебинде утуп, Азия оюндарынын чемпиону болду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты