Азия өнүктүрүү банкы Ысык-Көлдүн инфраструктурасын жакшыртууга 56 миллион доллар бөлөт

  • 3 месяца мурун

Азия өнүктүрүү банкы саркынды сууларды башкарууну жакшыртуу, ошондой эле Ысык-Көлдө туруктуу жана инклюзивдик туризмди бекемдөө үчүн Кыргызстанга 56 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу каржы уюмунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, каражаттын 25 миллион доллары жеңилдетилген насыя, 31 миллиону грант катары берилет. Долбоордун алкагында климаттык өзгөртүүлөргө туруштук бере турган сууну тазалоочу курулмаларды жана насостук станцияларды куруу, ошондой эле Чолпон-Ата шаарынын канализациялык инфраструктурасын жаңыртуу каралган.

«Мындан тышкары долбоордун алкагында музей жана туристтик маалыматтык борбор куруу, туристтик инфраструктураны жакшыртуу жана жергиликтүү архитектуралык мурастарды сактоо каралган. Ошондой эле көл жээгин бойлой велосипед жана жөө адамдар үчүн жолдорду куруу, үч коомдук парк модернизациялоо пландалууда» деп жазылган банктын билдирүүсүндө.

Июндун башында Ысык-Көл облусунда экологиялык талаптарга жооп бербеген 12 пансионаттын иши убактылуу токтотулган.

2022-жылы апрелде президент Садыр Жапаров 2023-жылдан тарта канализациясы, суу түтүгү, суу топтомо жайы жана саркынды сууларды башкаруу курулмалары жок пансионаттарга иштөөгө тыюу салган жарлыкка кол койгон.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты