“Азия Молл” соода борборунан чыккан өрт өчүрүлдү
- 10 ай мурун
Бишкек шаарындагы “Asia Mall” соода борборунун чатырынан өрт чыкты.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.
Өрттү өчүрүүгө ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын жалпы 4 өрт өчүрүүчү бөлүмү, 1 автошаты, штаб жана ӨКМдин ККББнан ыкчам топ тартылган.
Соода борбордун 3-кабатында жайгашкан тамактануучу жайдагы түтүн чыгуучу жеринен түтүн каптап жана коопсуздук кызматы тарабынан соода борбордогу бардык жарандар өз убагында эвакуацияланган, жабыркагандар жок.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам иш-аракеттеринен 17:28 өрт чектөөгө алынып, саат 18:00 толук өчүрүлдү. Өрттүн аянты болжол менен 20 ч.м. түзгөн.
Муну бөлүшүү