Азия чемпионаты:  Балбан кыздар мелдешке чыгат  

  • 1 год мурун

Астанада улантылып жаткан Азия чемпионатында 12-апрелде кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча 5 топтом медаль ойнотулат. Кыргыздын балбан кыздары Айсулуу Тыныбекова, Дильназ Сазанова жана Нурзат Нуртаева мелдешке чыгат.

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалында Айпери Медет кызы (76 кг чейин) күмүш байгелүү болду. Калмира Билимбек кызы коло медаль тагынды.

Кыргызстандык балбан жигиттер Азия чемпионатында 3 алтын, 1 күмүш, 3 коло медалга ээ болушкан.

Сүрөт: United World Wrestling

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты