Азис Сапаралиев жаратылыш ресурстары министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

  • 2 месяца мурун

Сапаралиев Азис жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. 

Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Азис Сапаралиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет. 

Тургунбаев Мелис башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматынан бошотулган.

Сүрөттө: Азис Сапаралиев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты