Азимбек Бекназаровдун жактоочусу анын мыйзамсыз камалганын бир нече жүйө менен билдирди
- 2 года мурун
Азимбек Бекназаров өзүнүн Конституциялык укуктары бузулуп, мыйзамсыз камалганы боюнча президентке, Башкы прокурорго жана тийиштүү сотторго кайрылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Айбек Турдуев билдирди.
Билдирүүдө жактоочу Турдуев Бекназаров 2010-жылдын май айында тергөө тарабынан ячейкалардан алынган акчаларды Убактылуу Өкмөттүн бөлүштүрүү, иштетүү жөнүндөгү коллегиалдуу чечими боюнча жалгыз камалганына 1 ай болгонун айткан.
Ошондой эле ал Азимбек Бекназаровдун мыйзамсыз камакка алынганына бир канча жүйө келтирген:
- «Азимбек Бекназаровго угузулган КР УКнын 222-беренесинин 3-бөл. экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштарга кирет.
КР КЖПКнын 154-бер. талаптарына ылайык мындай кылмыштар боюнча эгерде эксперттин, текшерүүлөрдүн, ревизиялардын, аудиттин актылары ж.б. документтер менен тастыкталган… олуттуу зыяндын же мыйзамсыз кирешенин суммасы жөнүндө маалымат жок болгондо кылмыш иш козгоодон баш тартылат.
Азимбек Бекназаровдун иши боюнча андай документтер 14 жылдан бери жок. Ага карабай кылмыш иш козгоодон баш тартылган жок. - Азимбек Бекназаров менен Темир Сариевдин 2010-жылдын май айындагы жумушчу сүйлөшүүсү мыйзамсыз же соттун чыгарган чечимисиз угулуп, жаздырылган жана монтаждалган.
Бул факты боюнча 2010-жылдын май айындагы Башкы прокурор тарабынан кылмыш иши козголгон. Азимбек Бекназаров жабырлануучу деп табылган. Алар күчүндө турат.
КР Конституциясынын 29-бер. 3-бөл. жана КР КЖПКнын 16-беренелерине ылайык, адамдардын телефондук сүйлөшүүсү соттун чечими боюнча гана тыңшалат. КЖПКнын 80-81-беренелеринин талаптарына ылайык, мыйзамсыз угулган телефондук сүйлөшүү кылмыш иш козгоого, айыптоо өкүмүн чыгарууга негиз, далил катары пайдаланылбайт, эч кандай юридикалык күчкө ээ эмес. - Эгерде Азимбек Бекназаров 2010-жылдын май айында өзгөчө оор кылмыш жасаган күндө да, арадан 14 жыл өттү. Азимбек Бекназаровго угузулган КР КЖПКнын 222-беренесинин 3-бөл. эскирүү мөөнөтү 10 жыл.
КР КЖПКнын 27-беренесинин 1-б. 12-п. талабына ылайык, эскирүү мөөнөтү өткөн кылмыш боюнча, кылмыш иш козголбойт. Козголгон кылмыш иш кыскартууга жатат. Азимбек Бекназаров 14 жылдан бери Кыргызстанда эле жүрөт. Жашырынган эмес. - КР КЖПКнын 97-бер. 5-п. талаптарына ылайык, эскирүү мөөнөтү өткөн кылмыш боюнча Азимбек Бекназаровду кармоого, КЖПКнын 114-бер. 5-п. ылайык, камакка алууга тыюу салынган»,- деп билдирген жактоочу.
Ошондой эле Айбек Турдуев «жогорку мыйзамдардын талаптары жалгыз гана Азимбек Бекназаровго тергөөчү, прокурор, соттор тарабынан колдонулбай жатканын» айтып, Азимбек Бекназаров «Конституциянын 58-беренесинин 5-пунктуна ылайык, адам укуктары боюнча Эл аралык органдарга кайрылганга мажбур болорун» билдирди.
Сүрөт: интернет булактары




