Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров кызматын тапшырды

  • 2 года мурун

Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров Свердлов районунун муниципалдык администрациясынын башчысынын биринчи орун басары кызматын тапшырды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

«Кызматымды өз арызым менен тапшырып бердим. Бишкек шаардык мэриясына, Свердлов районунун акимиатына, жашоочуларына ыраазычылык билдирем. Аз болсо дагы чын ниетимден кызмат кылдым», — деп жазды Руслан Бекназаров.

2022-жылдын январь-октябрь айларында жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы жана 2022-жылдын ноябрь айына күтүлүп жаткан кирешелер боюнча маселелер каралды.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик салык кызматынын Свердлов району боюнча башкармалыгы жана Ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан 2022-жылдын 10 айында жергиликтүү бюджетке 1 миллиард 973 миллион сом салыктык түшүүлөр жыйналды.

Райондук кызматтардын жетекчилерине салыктар боюнча пландык көрсөткүчтөрдү аткаруу, кошумча салыктык түшүүлөрдү табуу жана салык мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө аркылуу райондун салык базасын кеңейтүү тапшырмасы берилди.

Эске салсак, Руслан Бекназаров 12-декабарга чейин камакка алынган. Ага кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 

Биринчи май райондук сотунун 2-ноябрдагы  токтомуна ылайык, айыпталуучу Руслан Бекназаровго карата мурда 2022-жылдын 12-декабрына чейин тандалган камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты