«Ажырашуу уят эмес». Зомбулуктан кутулган аялдын баяны

“Чечкиндүү кадамдардан коркпостон, мындан бир топ жыл мурда ажырашсам болмок” дейт каарманыбыз. Жылдыз (каармандын өтүнүчү менен аты өзгөртүлдү) жолдошунун кордугуна чыдабай, ажырашуу чечимин кабыл алган. Бирок бул чечим ал үчүн оңой болгон эмес.

“Жетимсиң” деп кемсинтчү”

“16 жыл кеткен өмүрүмө, жаштыгыма өкүнөм” деп сөзүн баштады Жылдыз. Ата-энеси жок чоңойгон Жылдыз 17 жашында турмушка чыгып, үй-бүлө курууну чечкен. Биро, бактылуу болом деп келген үй-бүлө ага кордук көргөзө баштайт:

— Ата-энем жоктугунан кыйналып, өз жашоомду куруп кетейин деп 17 жашымда турмушка чыктым. Бирок  түйшүктүн, кордуктун баарын мына ушул жерден көрдүм. Бала төрөдүм, эне болдум, таң азандан күн батканча үй жумуштарын жасап жүрдүм. Андан калса кайын журттун “жетимсиң” деген жемеси мага көнүмүш адатка айланды. Бара-бара жолдошум дагы аларга кошулуп кемсинтип, кийин кол көтөрүп баштады. Баарына чыдап жашай бердим.

Жылдыз жолдошу, балдары менен чет өлкөдөн жумуш издеп мигрант болуп кетишет. Ал жакта кичинекей баласын көтөрүп алып, пол жууп, идиш жууп табылган жумуштарда иштей берет:

— Мага карата басым ал жактан деле токтободу. Телефондон кайненем урушат, “деги эле сен энеме жакпадың го” деп күйөм ошол замат мени сабап жатып калат. Бала менен “каякка барам, кантип жашайм?” деп өзүмдү алдап, кор болуп жашадым. Ал ортодо экинчи жолу кош бойлуу болуп калдым. Аны уккан кайын журт дагы ызы-чуу салды. “Иштебейби, жылда төрөй береби?!” деген сөздөр менен жемелешти. Күндө болбосо дагы күн ара күйөөм ур-токмокко алат. Анан күйөөм башка кыз менен сүйлөшүп баштады. Мен төрөдүм, экинчи жолу эне болдум. Эки бала менен бир күн ачка, бир күн ток жашоону көрдүм.

"Ажырашуу уят эмес". Зомбулуктан кутулган аялдын баяны
Сүрөт: Клооп медиа

“Жолдошумдун иниси катуу сабап, ооруканага түштүм”

10 жыл иштеп жүрүп Бишкектин четинен үй алышат. Жылдыз Кыргызстанда калып, кайын журту менен жашап калат. Ал убакта чет жерде жүргөн жолдошу дагы бир жолу үйлөнүп алат. Ошондо дагы барар жери жок болгондуктан кайын-журту менен жашай берет:

— Балдарымдын атасы ошол жактан башкага үйлөнүп алганын уксам да “өзүм жалгыз кантип жашайм?” деп кордукка чыдап жашадым. Мындан эки жыл мурда кайним айосуз сабап салды. Эс учумду билбей ооруканага түштүм. Үч күн жандандыруу бөлүмүндө жатып, анан өзүмө келдим. Ошондо “көчөдө чыгып кайыр сурасам дагы өз оокатымды кылайын, бир күнү өлүп тынам” деп кетип калдым. Кайним кылган иши боюнча мыйзам чегинде жооп берип,  беш жылга соттолду. Мен болсо ал үйдөн биротоло кеттим.

«Зордук-зомбулукту жеңдим«

Ошончо азыпты, кордукту көргөн Жылдыз азыр өзүнүн сулуулук салонун ачып, балдарын тарбиялап жатат. Зордук көргөн күндөрүн эстегиси дагы келбейт. “Кайрымдуу инсандар бар экен, жакшы адамдар бар болгону үчүн жашоо уланып жатат да” деп көзүнө жаш алды:

— Билесизби, ошол күндөр мен үчүн айтып жеткиргис тозок. Бир эже жардам берип, мени окутту. Курстарга барып чач тарач болуп иштеп кеттим. Акча таап, өзүмдү карап, жакшы жашоого умтула баштадым. Кардарларым көбөйүп, насыяга акча алып, өзүмдүн сулуулук салонумду ачтым. Жолдошум менен мыйзам түрүндө ажырашып, баягы үйдүн өзүмө тийиштүү бөлүгүн алдым. Мына алардан кутулганыма эки жыл гана болду. Бирок ушул жылдары мен кандай гана өзгөрдүм. Мен эле эмес, балдарым дагы бактылуу. Ал эми өткөн жашоомду душманга дагы каалабайм.

Ажырашкан уят эмес, кордогон зордукчулук уят экенин кеч түшүндүм. Аялзат өзүбүз үчүн жашаш керек экенин түшүндүм. Азыр деле мурдагы жолдошумдун туугандары ар кандай сөздөр менен тааныш билиштерге мени жамандайт. Бирок мен аларга маани бербейм”, — деп жыйынтыктады сөзүн Жылдыз.

Даярдаган: Марс кызы Каныкей

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты