Ажылык сапарга кеткендердин алгачкы тобу кайтып келди
- 4 недели мурун
Кечээ, 13-июнда Ош эл аралык аэропортуна ажылыктан кайтып келген зыяратчылардын алгачкы тобу аман-эсен конду. Алардын коопсуз келишин камсыздоо максатында аэропортто атайын тосуп алуу иш-чарасы уюштурулду.
Иш-чарага Ош шаардык мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев жана Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев катышып, зыяратчыларга кайрымдуу сөздөрүн айтып, мээримдүү маанай тартуулашты.
Муну бөлүшүү