Ажылык сапарга каттоо 6-майда башталат

  • 2 года мурун

Быйыл ажылык сапарга барууну каалаган жарандарды каттоо 6-майдан 11-майга чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Муфтияттан кабарлашты.

Жарандар Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда каттоодон өтө алышат. Каттоодон өтүү үчүн зыярат акысын (4500 доллар) жана кайтарымсыз 700 сом төлөнгөнү тууралуу квитанция талап кылынат.

Ал эми пандемия учурунда катталып, кезек күтүп турган 65 жаштан төмөн курактагы жарандар ажылык төлөмдөрүн 25-апрелден 30-апрелге чейин төлөшү керек болчу. Жетишпей калгандар үчүн 6-майдан 11-майга чейин РСК банктын иш убактысы бүткөнгө чейин төлөө мөөнөтү узартылат.

Зыярат акысын төлөгөндөрдүн саны Кыргызстанга берилген квотадан ашып кете турган болсо, катталбай калгандар кийинки кезекке калтырылат.

Зыярат акысын төлөгөндөн кийин бир күндүн ичинде документтерди облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттардагы операторлорго тапшыруу зарыл.

Муфтият ажыга барчулардын курагы 65 жашка чейин болуусу керек экенин, коронавируска каржы эмдөөдөн өтүү шарт экенин жана COVID-19га каршы тапшырылган тесттин оң жыйынтыгын тастыктаган күбөлүк талап кылынарын эскертет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты