Ажылык сапарга барчулар менингит жана сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүшөт
- 1 год мурун
Ажылык сапарга барчулар менингит жана мезгилдик сасык тумоого каршы эмдөөдөн 8-майга чейин өтүшү керек. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, менингитке каршы төрт компоненттүү “ACYW 135” жана сасык тумоого каршы “Гриппол” вакциналарын 26-апрелден 8-майга чейинки аралыкта алуу зарыл.
2023-жылы ажылык сапар июнь айынын соңунда башталат. Сауд Арабиясы Кыргызстанга бул жолу 6110 орун берген.
Муну бөлүшүү