Азербайжандын президенти Бакыт Төрөбаевди кабыл алды

  • 2 года мурун

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевди Баку шаарында кабыл алды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы Экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 4-жыйынына катышуу үчүн Баку шаарына жумушчу сапарынын алкагында өттү.

Тараптар президент Садыр Жапаровдун 19-20-апрелде Азербайжанга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулады.

Эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн ар кыл багыттары, анын ичинде соода-экономикалык, транспорт-логистикалык, инвестициялык, соода-техникалык жана гуманитардык кызматташтыктын  келечеги боюнча пикир алышуу орун алды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Азербайжандын президенти Ильхам Алиевге Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун саламын жана жакшы каалоолорун жеткирип, Кыргыз Республикасына каалаган ыңгайлуу учурда мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты