Азербайжандын премьер-министри Орусиядагы жол кырсыгына байланыштуу кыргызстандыктарга көңүл айтты

  • 2 года мурун

Азербайжандын премьер-министри Али Асадов Орусиядагы 14 кыргызстандыктын өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу Кыргызстандын элине көңүл айтты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин расмий сайтында айтылат.

«Орусиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгынын натыйжасында Кыргызстандын жарандарынын каза болгондугу жана жаракат алгандыгы тууралуу кабарды кайгыруу менен кабыл алдым. Кырсыкка байланыштуу каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына, жалпы Кыргызстан элине терең кайгыруу менен көңүл айтам, жаракат алгандардын тез арада сакайып кетишин каалайм», — деп айтылат Али Асадовдун көңүл айтуу телеграммасында.

21-августта Ульяновсктогу ири жол кырсыгында 16 адам каза болгон, алардын 14 кыргыз жарандары. Мерт болгондордун жакындары үчүн элчиликтин (+7 926 861 50 98, +996 551 312-000) атайын телефондору иштеп жатат.

Дагы үч кыргызстандык ооруканага жаткырылды, алардын абалы дагы оор.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жүк ташуучу унаанын айдоочусу унаасын токтото албай калып четте токтоп турган автобусту сүзгөн. Автобус эки жүк ташуучу унаанын ортосунда калган.

Президент Садыр Жапаров кырсыкка байланыштуу кайрылуу жасап, 23-августту Кыргызстандын аймагында аза күтүү күнү деп жарыялады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты