Азербайжанда Кыргызстандын соода үйү ачылды 

  • 2 года мурун

Азербайжанда Кыргызстандын соода үйү ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Баку шаарындагы «Бабек Плаза» бизнес-борборунда Кыргызстандын Азербайжандагы Соода үйүнүн кеңсесинин ачылыш аземи болуп өткөн.

Бизнес-борборунда кыргыз боз үйүнүн формасындагы шоу-рум азербайжандык ишкерлердин жана жарандардын назарына тартууланып, анын ичинде Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлар: тамак-аш, тиричилик буюмдары, сувенирлер, ошондой эле биздин өлкөнүн инвестициялык жана туристтик потенциалы тууралуу брошюралар жана буклеттер коюлган.

Ошондой эле элчи Кайрат Осмоналиев бул аянтча эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы экономикалык алакаларды өнүктүрүүгө көпүрө экендигин белгилеп, ишкерлерди кызматташууга чакырды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты