Азербайжанда Кыргызстандын Маданият күндөрү өтөт

  • 3 месяца мурун

23-26-апрель күндөрү Азербайжандын Баку шаарында Кыргызстандын Маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Эки өлкөнүн достук мамилелерин бекемдеген маданий күндөрүнүн делегациясын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов жетектейт.

Делегация курамында Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев, Кыргыз Республикасынын эл артисттери Түгөлбай Казаков, Муратбек Бегалиев, Кыргызбай Осмонов, “Кыргызстан дипломаттары” коомдук бирикмесинин төрайымы Жаңыл Түмөнбаева, Улуттук тарых музейинин директору Жылдыз Бакашова сындуу жана башка интелегенция өкүлдөрү бар.

Ал эми, чыгармачылык курамга Улуттук “Манас” театрынын төкмө–акындары, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет тетарынын жана Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын солисттери, Чоро Кожомжаров атындагы эстрадалык- симфониялык оркестри, Нурдин Түгөлов атындагы Кыргыз Мамлекеттик “Ак- Марал” бий ансамбли, Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын өкүлдөрү, “Мурас” фольклердук- этнографиялык ансамбли, кино ишмерлери, кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, сүрөтчүлөр жана режиссердук- коючу топ кирди.

Кыргыз элинин бай маданиятын жана мурасын даңазалаган иш-чаралар Баку шаарынын негизги маданий мекемелеринде орун алат.

Маданий иш- чараларга көрк берип, кыргыздын улуттук кол өнөрчүлүгү, зер боюмдары, улуттук тамак -ашы жана улуттук жана заманбап кийим кечелеринин жана кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү орун алып, кыргыз киносунун күндөрү жана эки мамлекеттин интелегенция өкүлдөрүнүн жолугушуулары орун алат.

Ал эми, ири форматта даярдалган маданий күндөрдүн концерттик программасына Кыргызстандын белгилүү искусство чеберлеринин катышуусунда өтөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты