Азербайжанда климат боюнча эл аралык сессия болду
- 3 месяца мурун
- Жаңылыктар
Азербайжанда 22–23-июлда COP31ге даярдык көрүү боюнча стратегиялык сессия өтүп, ага Кыргызстан да катышты.
Жыйынга Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын катышуучу өлкөлөрүнүн делегация башчылары жана эл аралык сүйлөшүү топторунун өкүлдөрү чогулду. Иш-чара 2026-жылдын ноябрында Түркиянын Анталия шаарында өтө турган COP31 конференциясынын алдында сүйлөшүүлөрдү илгерилетүүгө багытталды.
Кыргызстандын атынан президенттин тоолуу аймактар боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова катышты.
Талкууларда климатты каржылоо, адаптация жана митигация, адилеттүү өтүү маселелери, ошондой эле COP31дин күн тартиби каралды. Мындан тышкары, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн каржылоонун жеткиликтүүлүгү, технологияларды өткөрүп берүү жана тоолуу аймактардын климатка аярлуулугу талкууланды.
Иш-чаранын алкагында Кемелова бир катар өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, эл аралык тоолуу күн тартибин илгерилетүү жана “Бишкек+25” экинчи глобалдык тоо саммитине катышуу маселелерин талкуулады.




