«Азаттыктын» сайтынын бөгөттүлүшү боюнча сот отуруму 17-февралга жылдырылды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 26-январда Бишкек шаарынын административдик сотунда «Азаттыктын» Маданият министрлигинин сайтты бөгөттөө боюнча чечимине каршы арызы каралып, отурум 17-февралга жылдырылды.

Арызда «Азаттык Медиа» Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин сайтты бөгөттөө боюнча чечими мыйзам бузуу менен кабыл алынганын билдирип, чечимди мыйзамсыз деп табууну өтүнгөн.

Былтыр 26-октябрда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга бөгөттөө чечимин чыгарган. Январь айында аны белгисиз мөөнөткө узарткан. Министрлик өз арызын Кыргызстанда былтыртан бери иштеп баштаган “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга негиздеген.

“Азаттык Медиа” бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин белгилеп келет. Буга чейин радионун юристтери аталган чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен алгач Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине, андан кийин Бишкектин административдик сотуна кайрылган. Бул маселе боюнча алгачкы соттук жараян 26-январга белгиленген.

22-январда президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев өлкөдө сөз эркиндигине кысым жок экендигин жана “Азаттык Медиа” боюнча чечим мыйзамдын талабына ылайык кабыл алынганын Фейсбукка жазган.

23-январда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна арызданганы маалым болду. Сот арызды кароо мөөнөтүн 9-февралга белгиледи.

Министрлик доо арызда эл аралык компаниянын “Настоящее время” телеканалы жарыялаган кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу видеоматериал веб-сайтынан өчүрүлө электигин жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканын белгилеген.

“Азаттык Медиа” мекемеси “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдын 23-беренесинин “согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насааттоого тыюу салынат” деген пунктун бузуп жатканын көрсөткөн.

Министрликтин мындай кадамын бир катар коомдук ишмерлер, медиа серепчилер, уюмдар сындап чыгышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты