«Азаттыктын» министрликтин чечимине каршы арызы 2-мартта каралат

  • 1 год мурун

Бүгүн, 17-февралда Бишкектин административдик соту «Азаттык Медианын” Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин сайтты бөгөттөгөн чечимине каршы арызын карап, сот отурумун 2-мартка жылдырды.

«Азаттык» бүгүнкү отурумда тараптар өз жүйөлөрүн келтиргенин билдирди.

Басылма билдиргендей, кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материал чыккан “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы — “Настоящее время” юридикалык жак катары Кыргызстанда катталган-катталбаганы тууралуу Юстиция министрлигине кат жөнөтүлмөй болду. Адвокат Акмат Алагушев сайтты бөгөттөгөн министрлик чечимде жок, башка мыйзамдарга таянып туура эмес маалыматтарды берип жатканын айтты.

26-октябрда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы — “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материалы негиз болгону маалымдалган.

«Азаттык Медиа» бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин белгилөөдө.

Ал арада министрлик “Азаттык Медианын” ЖМК катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылганы 23-январда белгилүү болгон. Бул арыз 20-февралда каралат.

Министрликтин кадамын бир катар коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап чыгышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты