«Азаттыктын» банк эсебинин бөгөттөлүшүнө байланыштуу сотко тергөөчү келген жок

  • 1 год мурун

Бүгүн, 17-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда «Азаттыктын» банк эсебин бөгөттөө боюнча Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөөчүсү Улан Жапековдун аракетине каршы арызы каралмак.

Арызда радионун банк эсебин бөгөттөөгө негиз делген документтерди тааныштырууга мүмкүнчүлүк бербеген Жапековдун аракеттеринин мыйзамдуулугун кароо өтүнүчү келтирилген. Тергөөчү соттук процесске эч себепсиз келбегендиктен арызды кароо 21-февралга жылдырылды. Ишти караган судья Тилек Турдукулов кийинки процесске тергөөчү Жапековду камсыз кылууну тапшырды. Бул чечимди мамлекеттик айыптоочу тарап да колдорун билдирди.

Былтыр 31-октябрда «Азаттык Медианын» «Демирбанктагы» банк эсебине бөгөт коюлганы белгилүү болгон. Ал учурда Финансылык чалгын кызматы банк эсеби эмне үчүн бөгөттөлүп турганын түшүндүрүп, «Азаттык Медиа» «Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катыштыгы бардыгы тууралуу маалымат бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмесине» киргизилгенин жарыялаган. Былтыр декабрда Финчалгын кызматы атайын текшерүүдөн кийин буга чейинки шектенүүлөр аныкталбай, «Азаттыктын» «Кылмыштуу кирешени адалдоого шек саналгандардын тизмесинен» чыгарылганын расмий жарыялаган.

Буга карабай «Азаттыктын» банк эсептери ачылбай келет. Бул Ички иштер министрлиги тергеп жаткан кылмыш ишке байланыштуу экенин расмий органдар кабарлаган. Аталган кылмыш иши, андагы «Азаттыктын» юридикалык статусу боюнча эч кандай маалымат берилген эмес. «Азаттык Медианын» адвокаттары ишти тергеп жаткан тергөөчү Улан Жапековго бир нече жолу кайрылганда, ал документтерди берүүдөн баш тарткан.
Буга байланыштуу радионун адвокаттары Биринчи Май райондук сотуна кайрылып, ишти кароо башталды.

Азыркы тапта «Азаттыктын» сайты жана банк эсептери боюнча бир нече сот иштери уланып жатат. Бишкектин административдик соту «Азаттык Медианын” Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин сайтты бөгөттөгөн чечимин мыйзамсыз деп табуу арызын кароону 2-мартта улантууну чечти.

«Азаттыктын» банк эсептери жана сайтынын бөгөттөлүшүн бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап келет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты