«Азаттык»: Нарындын мурдагы губернатору камалганы белгилүү болду

  • 2 года мурун

Нарын облусунун мурдагы губернатору Адылбек Эсенбеков июнь айынан бери камакта отурат. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, Эсенбеков Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси («Ден соолукка оор залал келтирүү») боюнча шек саналып кармалып, Жазаларды аткаруу кызматынын облустагы тергөө абагына киргизилген.

Милиция окуянын чоо-жайы тууралуу кенен маалымат берген эмес.

Адылбек Эсенбеков 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин Нарында «элдик губернатор» болуп бир нече ай иштеген. Кийин ал Нарын райондук суу чарба департамент башкарган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты