«Азаттык» үналгысынын обого чыга баштаганына 70 жыл толду

  • 1 год мурун

Бүгүн, 18-мартта,  “Эркин Европа”/Азаттык” үналгысынын кыргызча берүүлөрү обого чыга баштаганына 70 жыл толду.

Бул убакытта “Азаттык” маалымат майданында далай жолду, ашууларды, кырларды басып келгени кыргыз угармандарынын көз кырында болуп келатат.

Кыргыз жыттанып, кыргыз окурмандарынын терең катмарына сиңип кеткендиктен, Кыргызстанда бүгүн “Азаттык” жергиликтүү ЖМК катары кабылданып калды деп айтсак болот. Анткени “Азаттык” элдин үнүн, көйгөйүн, кубанычы менен кайгысын чагылдырып, аткаминерлердин агын ак, карасын кара деп, жашырбай-жаппай чагылдырып келе жатат.

Саясатта болобу, маданий-экономикалык турмушта болобу, жай турмушта болобу, Кыргызстандын гана эмес, чет өлкөлүктөрдүн да жашоосун, турмуш-тирлигин ар тараптан чагылдырып берген  “Азаттыктын” берүүлөрү нары курч, нары объективдүү, нары оперативдүү, нары ар тараптуу, нары калыс, нары кызыктуу!

Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарына үлгү көрсөтүп келе жаткан ЖМКлардын бири– “Азаттык” деп айтууга болот. Бирок бул күндөрү «Азаттык» үналгысы кыйын кезеңди баштан кечирүүдө, сайтын, банк эсебин бөгөттөө, биринин артынан экинчи сот процесстерди башынан өткөрүп жаткан убагы. Бирок «Азатыкка», сөз эркиндигине бүгүнкүдөй кысым көрсөтүүнүн мизи кайтарылат деген ишенимдебиз. Себеби акыйкат, калыс, бейтарап медиа кайсы өлкөдө болбосун, өз баасын алат, баркталат, сотто иш калыс териштирилет деген ишенимдебиз.

“ПолитКлиника” эмгек жамааты, кесиптештер, силерди  бул даңктуу жашыңар менен куттуктайт!

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты