Азамат Жаманкулов Азия Конституциялык сотторунун башкы катчысынын орун басары болуп шайланды

  • 1 год мурун

КР Конституциялык сотунун аппарат жетекчиси Марат Жаманкулов Азия конституциялык сотторунун жана ага шайкеш институттарынын ассоциациясынын туруктуу катчылыгынын башкы катчысынын орун басары болуп шайланды.

Бул чечим Кыргызстандын Конституциялык сотунун АКС ассоциациясынын өнүктүрүүгө кошкон салымын эске алуу менен кабыл алынды.

Ассоциация 2010-жылы Азиянын конституциялык юстиция органдарынын аймактык форуму катары түзүлгөн. Анын негизги максаты Азияда демократиянын, укуктун үстөмдүгүнүн жана адамдын негизги укуктарынын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Кыргызстан ага 2015-жылы мүчө болду. Азыркы учурда ассоциацияга 21 мамлекет кирет: Афганистан, Азербайжан, Бангладеш, Индия, Индонезия, Иордания, Казакстан, Корея, Кыргызстан, Малайзия, Мальдив аралдары, Монголия, Мьянма, Пакистан, Палестина, Россия, Филиппин, Тажикстан, Таиланд, Түркия жана Өзбекстан.

Ассоциация иштеп турган жылдары Кореянын, Түркиянын, Индонезиянын конституциялык соттору, Малайзиянын федералдык соту, Казакстандын Конституциялык соту төрагалык кылган.

Сүрөт: Конституциялык соттун басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты