«Аялзат бардык жерде» кербени Бишкекте өттү

5-декабрь күнү Бишкектеги Жаштар борборунда «Аялзат бардык жерде» кербени өттү. Иш-чара Гендердик зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк активизмдин алкагында уюштурулду.

 Аталган кербен IDEA CA өткөрүп жаткан “Медиакыздар академиясы” долбоорунун катышуучулары тарабынан уюштурулуп жатат. Кербендин максаты — «Медиакыздар Академиясы» долбоорунун катышуучулары жана алардын жакындары, жергиликтүү активисттер, спикерлер, укук коргоочулар, медиа өкүлдөр жана бардык кайдыгер эмес жарандар менен Кыргызстандагы гендердик зордук-зомбулук көйгөйүн жана чечүү жолдорун талкуулоо.

Талкууда фото-журналист Гүлжан Турдубаева, Гүлиза Урустамбек кызы, активист Виктория Бирюкова, коомдук активист Айбек Аскарбеков, социалдык долбоорлордун автору Эльвира Тилек кызы коомдогу гендердик стреотиптер, аялдардын укуктары тууралуу ойлору тууралуу айтып беришти. Ошондой эле иш-чарада фото-журналисттер Гүлжан Турдубаева жана Гүлиза Урустамбек кызынын фото көргөзмөсү болду.

Кербен 1-декабрда Нарын облусунда башталып, андай кийин Талас жана Бишкек шаарларында уланды. Алдыда дагы Баткен, Жалал-Абад, Ош, Ыссык-Көл облустарында уланып өлкөнүн бардык аймактарын камтыйт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты