Аялдардын укугун коргоого багытталган мобилдик тиркеме иштелип чыкты

  • 2 года мурун

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги атайын долбоордун алкагында кыз-келиндер үчүн «Менин планым» аталышындагы мобилдик тиркемени иштеп чыкты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиркеме негизинен аялдардын укугун коргоого багытталган.

Тиркеме акысыз, кыргыз жана орус тилдеринде жеткиликтүү. Анда аялдардын түрдүү документтерди, жөлөк пул, алимент, коргоо ордерин алуусунун жөнөкөйлөтүлгөн жолдору план-карталар менен түшүндүрүлүп берилген.

Кыргызстанда 2021-жылы 10 151 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталганын башкы прокурор Курманкул Зулушев 5-апрелде парламенттеги жыйында айтып, балдарды, аялдарды, майыптыгы бар кишилерди жана улгайган адамдарды үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо өлкөнүн актуалдуу маселеси бойдон калып жатканын билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты