Аялдар жатын моюнчасынын жана эмчек рагына акысыз текшериле алышат
- 3 месяца мурун
Кыргызстанда 1-7-февраль аралыгында Бүткүл дүйнөлүк рак оорусуна каршы күрөшүү күнүнө арналган жумалык өткөрүлөт. Ага карата 4-7-февраль күндөрү саламаттык сактоо уюмдарында Ачык эшиктер күндөрү өткөрүлүп, аялдар акысыз текшериле алышат. Бул тууралуу Ден соолукту чыңдоо борбору билдирди.
Жумалык аялдарда рактын эң кеңири тараган жана алдын ала турган түрлөрү болгон жатын моюнчасынын рагына жана эмчек рагына багытталган.
Ал эми Ачык эшик күндөрүндө бардык айымларга бекер консультациялар, текшерүүлөр жана жатын моюнчасынын жана эмчек рагын алдын алуу боюнча маалымат берилет.
Ачык эшик күндөрүндө жеткиликтүү кызматтар:
• Гинекологдор жана маммологдор менен консультациялар
• Жатын моюнчасынын жана сүт бездеринин ооруларын эрте аныктоо үчүн текшерүүлөр
• Профилактикалык текшерүүлөр
• Ден соолук жана рактын алдын алуу боюнча жеке сунуштар.
Бишкек шаарындагы акцияга катышкан саламаттыкты сактоо уюмдарынын тизмеси:
№1 Үй-бүлөлүк медицина борбору (ҮМБ) — Фучика көч. 15;
ҮМБ №2 — 3-линия көч. 25;
ҮМБ №3 — Логвиненко көч. 30;
ҮМБ №4 — Чүй пр. 40;
ҮМБ №5 — Көлбаев көч. 42;
ҮМБ №6 — Жукеев-Пудовкин көч. 75;
ҮМБ №10 — Эркиндик көч. 9;
Студенттик поликлиника — Рыскулов көч. 8.
Аялдар үчүн гинекологиялык текшерүүлөр 4-февралдан 7-февралга чейин Токмок шаардык Жалпы дарыгердик практикалык борборунда, ошондой эле Нарын облусунда Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда уюштурулат.
Сүрөт: интернет булактары