“Аялдар үйдөн чыкпай конок тоссун”. Аялдардын коомдук жайларга чыгуусун чектөө Баш мыйзамга каршы келет

“Отуруш дегенди биринчи болуп апалар башташат. Эркектер тамактануучу жайларга кирип, чай иче албай калдык деп жатышат.  Кирсе эле 99% шагыраган аялдар. Үйдө өткөргүлө. Келин дегенди эмнеге алдыңар эле. Ошол жуусун, тамак жасап берсин…” 

Социалдык тармактарда дал ушул сөздөрдү айымдар топтолгон жерде айтып жаткан аялдын видеосу тарады. Анда ал аялдардын кафе, чайханаларда отуруштарды өткөрүп жатканына нааразы болуп, тамактануучу жайларда 99% аялдар болуп баратканын айткан. Айрыкча, ажылык сапарга барып келген апаларга кайрылып, үй салып, идиш-аяк алган соң конокту дагы үйдө тоссо, сооптун баары сыртта эмес, үйдө каларын белгилеген. Ошондой эле, видеодо сүйлөп жаткан аял апаларга “келинди эмне үчүн алдыңар эле?” деп суроо салган. Анын айтымында, келин идиштерин жууп, тамагын жасап бериши керек. 

Аялдардын коомдук тамактануучу жайларда отуруусуна чектөө барбы? Жынысына карап, көчөгө чыгууга тыюу салуу канчалык деңгээлде туура? Мыйзам бул тууралуу эмне дейт? “ПолитКлиника” медиасы текшерип көрдү.

“Кафе, ресторандын баарында аялдар”

Аталган видео социалдык тармактын колдонуучуларында түрдүү пикирлерди жаратты. Айрымдар анда айтылгандарды колдосо, көпчүлүгү мындай ой жүгүртүүнү караңгылык деп аташкан. 

Видеодо айтылып жаткандар буга чейин дагы социалдык тармактарда талкууланып келген. Мисалы, Чынара Эдилбекова аттуу Фейсбук колдонуучусу баракчасында тамактануучу жайларга көпчүлүк аялдар барарын жазып, чектөө киргизсе болобу деп сураган.

Комментарийлерде “кафеге барган аялдарга тыюу салыш керек, айып пул төлөтүш керек, эркектин (күйөөсү, ага-инилери) коштоосунда гана барсын же үйлөрүндө эле чогулуп, отура беришсин” деген пикирлер жазылган. Бирок мындай сунушка караманча каршы чыккандар да аз эмес.

“Аялдар үйдөн чыкпай конок тоссун”. Аялдардын коомдук жайларга чыгуусун чектөө Баш мыйзамга каршы келет
“Аялдар үйдөн чыкпай конок тоссун”. Аялдардын коомдук жайларга чыгуусун чектөө Баш мыйзамга каршы келет
“Аялдар үйдөн чыкпай конок тоссун”. Аялдардын коомдук жайларга чыгуусун чектөө Баш мыйзамга каршы келет

Аялдардын укуктары Баш мыйзамда бекитилген

Баш мыйзамдын 24-беренесинде Кыргызстандын эч бир жараны жынысына, расасына же башка өзгөчөлүктөрүнө карата дискриминацияга учурабай турганы даана жазылган. Ошол эле берененин 3-пунктунда Кыргызстанда эркектер жана аялдар бирдей укуктарга жана эркиндиктерге ээ экени белгиленген.

Баш мыйзамдын 31-беренесине ылайык, ар бир адам эркин жүрүүгө жана баруучу жерин тандап алууга укуктуу.

Демек, аялдарга тамактануучу жайларда отурууга тыюу салуу алардын Баш мыйзамда бекитилген укуктарын чектөө, жынысына карата дискриминация катары бааланат. Жынысына карап чектөө коюу же негизги укуктарын камтыган кандайдыр бир иш-аракеттерге тыюу салуу аракети мыйзам чегинде жоопкерчилик тартууга алып келиши мүмкүн. 

Ошондой эле, Кыргызстан аялдардын укуктарын коргоого багытталган эл аралык макулдашуулардын жана конвенциялардын, анын ичинде аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө БУУнун Конвенциясынын мүчөсү. Аталган конвенция ага мүчө мамлекеттерди гендердик ролдор жөнүндөгү стереотиптерге каршы күрөшүүгө жана аялдар менен эркектер үчүн бирдей укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга милдеттендирет. Аялдардын эркиндиндиктерин жана укуктарын чектөө эл аралык макулдашууларды одоно бузуу катары дагы бааланышы мүмкүн. 

Жыйынтык: Аялдардын укуктарын чектөө, анын ичинде коомдук тамактануучу жайларга барууга тыюу салуу Баш мыйзамга каршы келет. Мындай аракет жынысына карата дискриминация катары бааланат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты